Кошмо Штаттары аны террористтик уюмдарга, алардын ичинде колумбиялык козголоңчуларга мыйзамсыз курал-жарак саткан деп айыптайт. Бут 2008-жылы Бангкокто кармалган. Таиланд соту аны АКШга өткөрүп берүүнү чечкен эле. Муну Россиянын тышкы иштер министрлиги "мыйзамсыз" деп атады жана тезинен Бут менен орус консулун жолуктурууну талап кылды.