Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Апрель окуясы боюнча соттун башталышы күтүлүүдө


Бишкектеги Спорт сарайында боло турган сотко азыр айыпталуучулар алынып келинди. Куралсыз элге ок аткан деп айыпталып, апрелден бери Коопсуздук кызматынын камагында жаткан мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев, мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орун басары Нурлан Темирбаев темир тордун ичинде отурушат. Ал эми үй камагына чыгарылган “Альфа” атайын кызматынын жетекчиси Алмаз Жолдошалиев баш болгон 8 кызматкери, президенттик катчылыктын башчысы О. Малеваная, президент К. Бакиевдин коопсуздук боюнча кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Каныбек Жороев ачык эле отурушат. Аларды сүрөткө жана видеого тартууга журналисттерге уруксат берилбей жатат. Азырынча сот баштала элек.

Спорт сарайынын ичинде жүргөн кабарчыбыздын маалыматы боюнча жабырлануучу тараптан болжол менен 200гө чамалуу киши келди, арасында балдак менен жүргөндөрү бар. Айыпталуучулардын 18 жактоочусу, 8 мамлекеттик айыптоочу сотко катышары белгилүү болду.

7-апрелде Өкмөт үйүнүн алдында куралсыз элге ок аткан жана ок атууга буйрук берген деген негиз менен 28 кишиге айып тагылган. Алардын ичинен мурдагы президент К. Бакиев, премьер-министр Д. Үсөнов, Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси М. Суталинов жана мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Ж. Бакиевге издөө жарыяланган. 7-апрель окуясы боюнча сотту Бишкек гарнизондук аскер соту жүргүзүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG