Бул тууралуу “Азаттыкка” парламентке убактылуу төрагалык кылуучу Ташболот Балтабаев билдирди. Анын айтымында, президент коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн партияларга берген күндөн тарта он беш күн ичинде коалициялык жолугушуулар өткөрүлүп, коалициялык келишимдер жарыяланып, Жогорку Кеңештин структурасы жана өкмөт куралып бүтүшү керек. “Сүйлөшүүлөр түрдүү деңгээлде жүрүп жатат, бирок жакынкы күндөрү аягына чыкчудай эмес. Эгер мындай болсо жакынкы күндөрү парламент ишин улантпайт”,-дейт Ташболот Балтабаев.
“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Ташболот Балтабаев жаңы шайланып келген депутаттардын жаш курагы боюнча эң улуусу болгонуна байланыштуу регламентке ылайык парламентке убактылуу төрагалык кылууда. (ZKo)