Буга айыпталуучулардын жактоочулары судья Жакыпбек Бектемировго ишенбөөчүлүк билдиргени себеп болду. Кабарчыбыздын маалымдаганы боюнча, бул жабырлануучулардын жана алардын жакындарына жакпай, натыйжада алардын айыпталуучуларга койгон чабуулун милиция араң токтотуп калды. Ал эми айыпталуучулар менен алардын адвокаттары имараттын төр жагына которулду. Ушул тапта Спорт сарайындагы абал тынчыды, сотко төрагалык кылуучу процессти эртеңкиге жылдырды. Адвокаттардын сотко ишеним көрсөтпөгөнүнө, алмаштыруу талабына сот эртең жооп бермекчи болду.
Сотко катышып жаткан айрым укук коргоочулар мамлекет башындагылардан мындай кооптуу көрүнүштөр коштогон сот жараянын токтотууну талап кылышууда.
7-апрелде Өкмөт үйүнүн алдында куралсыз элге ок аткан жана ок атууга буйрук берген деген негиз менен 28 кишиге айып тагылган. Алардын ичинен мурдагы президент К. Бакиев, премьер-министр Д. Үсөнов, улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси М. Суталинов жана мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Ж. Бакиевге издөө жарыяланып, сыртынан соттолууда. 7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүүнү Бишкек гарнизондук аскер соту бүгүн башталды. Ага судья Жакыпбек Бектемиров төрагалык кылууда.(ZKo)