Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

Меккеге ажылыкка барган эки кыргызстандык каза тапты


Бул тууралуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Болотбек Абдрахманов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда каза тапкандар: Сауд Аравиясынын Мина шаарында ала-букалык 66 жаштагы аял менен Чүйдүн 54 жаштагы тургуну. Алардын өлүмү тууралуу жакындарына кабарланып, маркумдардын сөөгүн араб жерине жашыруу боюнча келишилди. Б.Абдрахмановдун айтымында Сауд Аравиясынын ысык климатына чыдай албагандар көп болот.
Быйылкы жылы мусулмандык парзын аткаруу үчүн Меккеге Кыргызстандан төрт миңден ашуун киши кеткен. Аларды төрт дарыгер коштоп жүрүшөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG