Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Апрель окуясынын жабырлануучулары акцияга чыгышты


Ушул апта апрель окуясынын 50-60 чакты жабырлануучусу эски аянтка чогулуп, нааразылык акциясын башташты. Алар вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровдун чыгып, жолугушун талап кылышууда. Акциянын катышуучулары апрель окуясында курман болгондордун сүрөттөрүн жана сот акыйкаттыгын талап кылган чакырыктар жазылган плакаттарды кармап турушат. Акциянын катышуучулары менен президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиев чыгып жолугушту. Ал А. Бекназаров жабырлануучулардын өкүлдөрүн кабыл алууга даяр экенин, ошондуктан, он беш киши өкүл катары Өкмөт үйүнө кирүүсү зарылдыгын айтты. Т. Тургуналиевдин түшүндүргөнү боюнча А. Бекназаров чыгып, акциянын катышуучулары менен жолукса, коомчулук тарабынан бул аткаруу бийлиги сот жараянына кийлигишкен катары кабыл алынышы ыктымал. Ушул тапта жабырлануучулар өкмөткө кире турган өкүлдөрүн дайындап жатышат.

Аперль окуясы боюнча кечээ Спорт сарайында башталган сот бүгүн уланып, бирок адвокаттардын коопсуздугун камсыз кылып берүү өтүнүчүнө ылайык сотко төрагалык кылуучу процессти 22-ноябрга калтырган. Буга нааразы болгон жабырлануучулар соттун токтоосуз улантылышын талап кылышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG