Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:27

Германияга келүүчү учактагы чемодандан детонатор табылды


Немис полициясынын билдиргенине караганда, учактагы чемодандан детонатор менен кошо батарея, саат табылганына байланыштуу Намбиянын полициясы өлкө баш калаасы Виндихуктан Мюнхенге келүүчү каттамды бир нече саатка кармаган. Шектүү жүк аэропорттон алынгандан кийин учак Мюнхенге аман-эсен келип конду. Чемоданда жардыруучу зат болгон-болбогону анык белгисиз. Мунун алдында кечээ Германия аэропорттордо, темир жол бекеттеринде коопсуздук чараларын күчөткөн эле. Өлкөнүн ички иштер министри ушул айдын соңунда Германияда террордук чабуул планданганынын конкреттүү белгилери бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG