Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Бүгүн Лиссабондо НАТОнун саммити ачылат


Жыйын эки күнгө созулат. Алянска кирген өлкөлөрдүн лидерлери Ооганстандан НАТОнун контингентин чыгаруу стратегиясын талкуулашат. Пентагондун өкүлү Жефф Моррелл бул иштин болжолдуу мөөнөтү катары 2014-жылды атап, ошол эле учурда ага чейин ооган армиясы коопсуздук үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганга даяр болбой калышы да мүмкүн экенин белгиледи. Ошондуктан АКШга айрым саналуу күчтөрдү бул жерде калтырганга туура келиши ыктымал. Саммитте Россия менен НАТОнун кызматташтык алакалары да талкууланат. Саммитке орус президенти Дмитрий Медведев катышат. Жыйын учурунда АКШ президенти Барак Обама Грузиянын жана Ооганстандын президенттери менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG