Ак үйдө мурдагы коргоо министрлери менен мамлекеттик катчыларды кабыл алып, Барак Обама стратегиялык жапырык куралдарын кыскартуу жөнүндө Россия менен түзүлгөн жаңы келишимди ратификациялоо ишин улуттук коопсуздуктун айныксыз шарты деп атады. Кечээ мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон да бул иштин создуктурулушу өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эскерткен эле. Соңку кездери республикачыл партиянын өкүлдөрү бул келишимди ыкчам ратификациялоонун зарылдыгы жок деп эсептей башташты.