Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Эртең абанын температурасы 11 даражага чейин жылыйт


Синоптиктердин маалымдаганы боюнча 20-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда -3...+2 градус, күндүзү 4...9 даража жылуу болот. Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүзү 4...9 даража жылыйт. Баткенде түнкүсүн -2...+3, күндүзү 5...10 даража жылуу болот. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -3...+2, күндүзү 6...11 градуска чейин чыгат. Ысык-Көл өрөөнүндө түндө -3...+2, күндүзү 4...9 даража жылыйт. Тоолуу Нарында түнкүсүн -4...-9 даража суук болуп, күндүзү 2...7 даража жылыйт. Борбор калаа Бишкекте жаан күтүлөт, аба түнкүсүн 0..2, күндүзү 6...8 даража жылуу болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG