Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

СДП "Ата Мекен" жана "Республика" партиялары менен коалиция маселесин талкуулады


СДПнын координатору Фарид Ниязовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча тараптар бүгүн Жогорку Кеңеште чогулуп, бир катар маселелерди талкуулашты. Ниязовдун айтымында, эми Социал-демократтар, "Ата Мекен" жана "Республика" партияларынын жолугушуусу күтүлүүдө. Мындан тышкары Социал-демократтар жана "Республика" фракцияларынын жолугушуп, айрым бир маселелер боюнча бир пикирге келгендиги кабарланууда.

Президент Роза Отунбаева 11-ноябрь күнү парламентте коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн Социал-демократиялык партиянын лидерине тапшырган. Мыйзам боюнча он беш жумушчу күн ичинде коалиция түзүлүп, алар парламенттин структурасын жана өкмөт курамын куроого киришүүгө тийиш. (ZKo)

XS
SM
MD
LG