Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

“Республика” ЖК төрагалыгынан жана өкмөт башчылыктан баш тартты


Партиянын лидери Өмүрбек Бабановдун бүгүн “Республика” парламенттик фракциясынын жыйынында айтканы боюнча, мындай жогорку кызмат орундарын алар өздөрүнүн коалициялык өнөктөштөрүнө калтырышты. Бирок “республикачылар” алардын өнөктөштөрү партия сунуштаган экономикалык жана социалдык программаларды, тышкы саясатты колдоого алууга тийиш деп талап кылууда. Ө. Бабановдун фракциялаштарын кабардар кылганына караганда ал кийинки аптада парламентке келген бардык беш партиянын жетекчилери менен жолугушууну жана аларды мамлекеттин бүтүндүгү үчүн ар кандай жеке кызыкчылыктарды артка таштап, биригүүгө чакырууну көздөөдө. Анын сөзү боюнча “Республиканын” лидери “Ата Мекен” жана Социал-демократиялык партиянын жетекчилери менен жолугушуп, партия кызмат бөлүштүрүүгө катышпай турганын билдирген. Ө. Бабанов парламент менен өкмөттүн ишке кирише албай жатканы өлкөгө зыянын тийгизип жатканын белгилеп, Кыргызстандын түштүгүнө бөлүнгөн 180 млн. доллар парламенттин макулдугусуз берилбей жатканын айтып кетти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG