Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Азия оюндарында Евгений Ваккер күмүш медалга ээ болду


Гуанжоуда өтүп жаткан он алтынчы Азия оюндарында бүгүн 53 чакырымдык велоспорт жарышы аяктады. Кыргызстандык велоспортчу, төрт Азия оюндарында күмүш медал уткан Евгений Ваккер дагы бир ирет марага экинчи болуп келип, Кыргызстанга он алтынчы Азия оюндарынын алгачкы күмүш медалын жеңип берди. Ошентип Кыргызстандык спортчулар үчүн байгенин эсеби ачылды.

Кытайдын Гуанжоу шаарында спорттун кырктан ашык түрү боюнча өтүп жаткан XVI Азия оюндарына Кыргызстандан 25 спорттун түрү боюнча 145 спортчу катышып жатат. (KMa, ES)

XS
SM
MD
LG