Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Кытайдын Шанхай шаарында ири өрттөн курман болгондор эскерилүүдө


Шанхайда 15-ноябрда көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, 58 киши ажал тапкан. Имараттын жанына элдер гүл чамбар, шам алып келип жатышты. Полиция ал жайды катуу кайтарууга алды. Айрым кабарларга караганда, бийлик нааразы болгон адамдар тополоң чыгарып жиберет деп чочулоодо. Өрт коопсуздук чаралары сакталбагандыктан чыккан, бийлик кырсыкты алдын алуу үчүн жетиштүү чара көргөн жок деп буга чейин айтылып келген. Полиция окуяга байланыштуу имаратты ремонттоп жаткан фирманын менежерлерин, бардыгы болуп12 кишини камакка алды.

XS
SM
MD
LG