ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай бүгүн таңга жуук (саат 5 чамасында) белгисиз бирөөлөр Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университетинин (КГУСТА) бухгалтериясына кирип барышып, эки күзөтчүнү сабап салышкан. Андан кийин 70 миң сом накталай акча, 60 миң сомдук буюм-теримдерди алып, жолго түшүшкөн. Токмок жеген күзөтчүлөргө медициналык жардам көрсөтүлдү, ал эми тоноо болгон жерден бычак менен желимкагаздын үзүндүлөрү табылган.(ZKo)