Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 21-ноябрь күнү саат 10:13тө Алай районунун Сары-Таш, Нура жана Эркеч-Там айылдарында күчү 3-4 баллга жеткен силкинди. Жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан 125 чакырым аралыкта, түштүк-чыгыш тарапта экени аныкталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн жапа чеккендер жок.
2008-жылы 5-октябрдын түнүндө Алайдын Нура айлында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болуп, кыштак бүтүндөй кыйрап калган. Зилзала 75 адамдын өмүрүн алып кеткен.(ZKo)
2008-жылы 5-октябрдын түнүндө Алайдын Нура айлында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болуп, кыштак бүтүндөй кыйрап калган. Зилзала 75 адамдын өмүрүн алып кеткен.(ZKo)