Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Президент прокуратура кызматкерлерин куттуктады


Прокуратура кызматкерлеринин майрамына карата уюштурулган жыйынга катышып жатып, мамлекет башчы Роза Отунбаева прокуратура кызматкерлери апрель жана июнь окуяларын иликтөөдө өз милдеттеринин өтөөсүнөн чыга алышты деп белгиледи. Апрель окуясында элге ок атуу фактысынан тышкары, Аксы окуясы, Улуттук банктын Жалал-Абаддагы филиалынан уурдалган акча боюнча да иштер прокуратура кызматкерлери тарабынан кайра иликтенип, сотко ашырылганын баса белгилеген мамлекет башчы прокуратура тармагында оперативдүү-иликтөө иштерине жана калыс тергөөгө өзгөчө көзөмөл кылууну тапшырды.

Кыргызстандын прокуратура тармагында 1300 кызматкер иштейт, алардын башында Кубатбек Байболов турат. Башкы прокуратуранын дарегине апрель окуясына чейин бийликке каяша айткан оппозиционерлерди куугунтуктаган деген күнөөлөр коюлуп келген, Баш прокуратуранын имараты 7-апрель күнү өрттөлүп, толугу менен жараксыз деп табылган. Мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов 7-апрелде куралсыз элге ок атууга буйрук берүүгө тиешеси бар деп айыпталууда.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG