Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

О. Малеваная, К. Жороев жана Н. Турсункуловдун кайда экени белгисиз


Бул тууралуу мамлекеттик айыптоочулар бүгүн сотко билдирип, үчөө тең буга чейин туруктуу жашаган үйлөрүндө жоктугун айтышты. Айрым маалыматтар боюнча, алардын үй-бүлөлөрүн алып кетишкени аныкталган. Мамлекеттик айыптоочулар президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевге, экс-президент Курманбек Бакиевдин катчылыгын жетектеп келген Оксана Малеванаяга жана мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловго издөө жарыялоону, аларды кармалган жерден камакка алууну өтүнүп, сотко кайрылышты. Учурда сот кеңешүүгө кетти.

Апрель окуясы боюнча бүгүн эртең менен башталган сот президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевдин, экс-президент К. Бакиевдин катчылыгын жетектеп келген Оксана Малеванаянын жана мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловдун процесске келбегенине байланыштуу түштөн кийинкиге жылдырылган эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG