Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Ошто жайма базардагы киши өлтүрүү боюнча сот жүрүүдө


Ош шаардык соту бүгүн июнь коогалаңы учурунда эки кишини өлтүргөн деп шектелген беш адамдын үстүнөн ишти кароону улантты. Сот жараянында күбөлөр көрсөтмө берип жатышат. 13-июнда Ош шаарындагы жайма базарда 33 жаштагы Аскар Турусбеков жана 32 жаштагы Сапарбек Эрмекбаев мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Алардын өрттөлгөн денеси 19-июнь күнү Өзбекстандын Анжиян облустук ички иштер кызматкерлери тарабынан дарыядан табылган. Бул иш боюнча беш киши айыпталууда, алардын кичүүсү 18 жана 19 жаштагы бир тууган Тахировдор.(ZKo)

XS
SM
MD
LG