Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Португалияда бир күндүк иш таштоо өтүүдө


Португалияда мамлекеттик ишканалардын жумушчулары социалисттер башындагы өкмөттүн чыгымдарды 5 миллиард еврого кыскартуу планына каршы бир күндүк иш таштоого чыгышты. Иш таштоону өлкөдөгү эки чоң кесиптик союз уюштурууда. Нааразылык акциясынын кесепетинен темир жол, авиа жана автобус каттамдары, ооруканалар, банктар иштебестиги айтылууда.

Бул алардын акыркы 22 жылда чогуу өткөргөн биринчи акциясы. Европа Биримдиги Португалиядан ашыкча чоң бюджеттик тартыштыкты кыскартууну талап кылууда. Анткени Лиссабонду евромейкиндикке кирген Грекия жана Ирландиядай финансылык кризистен куткарууга туура келет деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG