Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

АКШда экс-конгрессмен сотто айыптуу деп табылды


Техастагы Остин шаарындагы соттун калыстар тобу республикачылардын конгресстин өкүлдөр палатасындагы мурдагы лидери Том Делэйди "акча адалдаган" жана кылмыштуу топтор менен жең ичинен кызматташкан деп тапты. Соттун өкүмү 20-декабрда чыгарылат. 63 жаштагы Делэй беш жылдан 99 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Ал 1984-жылдан 2006-жылга чейин өкүлдөр палатасынын мүчөсү, 2000-жылдардын ортосунда республикачыл көпчүлүктүн лидери болгон. Тергөө органдары ырасташкандай, 2002-жылы Техастагы шайлоодо партиянын фондусуна берилген адиепулдан 190 миң долларды мыйзамсыз пайдаланган. Округдун прокурору Розмари Лемберг: "Бул иш Техастын шайлоочуларынан мамлекеттик кызматчыларга жолдонгон эскертүү болду – алар жарандарын таламдарын коргоо үчүн шайланат жана муну ак, адал аткарышы керек",-деп билдирди.

XS
SM
MD
LG