“Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Мыктыбек Абдылдаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, коалиция түзүү боюнча аларга КСДПдан оозеки сунуш түшкөнү менен, расмий түрдө сунуш боло элек. Эгер эртең аларга расмий сунуш түшсө, анда “Ата-Журт” фракциясы аны түштөн кийин карайт.
Социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Чыныбай Турсунбеков бүгүн “Азаттыкка” коалиция дүйшөмбү күнү түзүлүп калышы ыктымалдыгын, бирок ушул тапта “Ата Мекен” жана “Ата-Журт” фракциялары жоопторун кечеңдетип жаткандыгын билдирген. Ал КСДП алардын акыркы жооптору алдын ала сүйлөшүлгөн негизде болооруна үмүт артып турганын кошумчалаган.
Конституция боюнча парламентте көпчүлүктү түзүү милдети тапшырылган партияга коалиция куроо үчүн 15 иш күндүк мөөнөт берилет. КСДПга берилген мөөнөт 3-декабрда аяктамакчы.(AzK)