Интерпол WikiLeaks интернет-сайтынын түптөөчүсү Жулиан Ассанжга эл аралык изилдөө жарыялады. Мурдараак Швеция Ассанжды сексуалдык жүрүм-туруму боюнча айыбы бар деп, издөө жарыялаган болчу. Азыр кайда жүргөнү белгисиз Ассанж ага коюлган күнөөнү куру доомат деп четке кагууда. Жекшемби күнү WikiLeaks АКШнын миңдеген жашыруун дипломаттык документтерин жарыялагандан бери Ассанждын ысымы эл аралык коомчулуктун көңүл чордонунда. АКШ өкмөтү Мамдепартаменттин сырлары ашкере болгонго байланыштуу кылмыш ишин ачты.