Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

ВИЧ/СПИДге чалдыккандар акыркы 10 жылда 25 пайызга көбөйдү


Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД программасы боюнча Кыргызстандагы координатору Дамира Байбосунова билдирди. Анын айтымында, ооруну жуктуруп алгандардын көбөйүп жатышына өлкөнүн маңзаттар ташылып өткөн жолдун боюнда болушу, эл арасында оору тууралуу маалыматтын аздыгы себеп болууда. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда ВИЧ/СПИДге чалдыккандардын саны 3200дөн ашты. Алардын 42 пайызга жакыны Ош облусунун тургундары. Оорулуулардын 60 пайызы бул илдетти баңги затты ийне аркылуу колдонуп жатып жуктуруп алган. Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримовдун маалымдашынча, жалпысынан өлкөдө СПИДден 143, ВИЧтен 396 адам каза болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG