Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Мунай баасы акыркы эки жылдагы эң жогорку чекке чыкты


Нью-Йорк биржасындагы кечээги соодада кара майдын бир баррели 89 доллар 19 центке сатылды. Мындай баа акыркы ирет 2008-жылдын октябрь айында катталган эле. Баанын кымбаттоосу Европада жана АКШнын
түндүк-чыгышында күү катуу сууп, америкалык доллардын еврого карата курсу төмөндөгөн учурда орун алды. Буга катар АКШнын өкмөтү ушул жума күнү жарыялаган маалыматтар өлкөдө жумушсуздуктун көрсөткүчү ноябрда акыркы жети айдагы эң жогорку чекке чыгып, 9,8 пайызды түзгөнүн көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG