Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Коюлган ысым – жазылган тагдырбы?


Жаңы туулган балага ысым берүү ар бир ата-эненин ыйык милдети. Анткени ысым ар бир адам жана улут үчүн бар болуунун эң негизги белгиси. Кыргыз элинин тарыхында ысымга жана анын маанисине өзгөчө көңүл бурулуп, бул каада ардакталып келсе, учурда наристенин ысмына жасалган мамиле солгундап, аттардын да мааниси түшүп бара жаткандай сезилет. Бирок адамзат жашоосу, ысымдын маанисинин адамдын тагдырына да таасир тийгизе тургандыгын, андыктан ат коюуга дыкаттык менен мамиле жасоо керектигин көрсөтүп келет.


Адамдар бири-бирин айырмалоо үчүн ысым коюшкан


Ысым коюу адаттарын, каадаларын изилдегенде эң биринчи кезекте эмне үчүн адамдар наристеге ысым берген деген суроо туулбай койбойт. Сөзсүз түрдө ысым бул кооздук эмес, же жөн жерден чыккан жат нерсе эмес. Адам баласы бири-бирин таануу, айырмалоо максатында жаңы туулган наристеге ысым коюшкан. Бир караганда жөн гана энчилүү сөздөй сезилгени менен ар бир ысымдын артында ал ысымды алып жүргөн адамдын мүнөзү, касиети, өзгөчөлүктөрү катылып жатат. Демек ысымды адамдын жүзүн көрсөтүүчү, аны башка жандыктардан айырмалоочу бирден-бир касиети катары баалоого болот.

Кыргыздар ысымды кантип тандаган?

Кыргыздардын ат коюу жөрөлгөсүнө ислам дини эң чон таасирин берген. Жаңы төрөлгөн наристеге ысым берүү үчүн үйдүн башчысы, же ат кое турган адам наристенин кулагына тандалган ысымды азан окуу менен угузган. Ысым тандалаарда наристенин өзгөчөлүгү, дене түзүлүшү, ал төрөлгөн мезгил, абал жана башка көптөгөн факторлор эсепке алынган. Мисалга, жума күнү туулган балага Жумабек, жаан жаап жатканда дарык дүйнөгө келген наристеге Жаанбай өңдүү ысымдар ыйгарылып келген. Азыркыга чейин деле денесинде кандайдыр бир кал, же белги бар наристелерге кыз болсо Анара, эркек болсо Калыбек ж.б ысымдар берилип келет.

Ысым берүү боюнча түрк элдеринде орток жөрөлгөлөр көп

Тарыха карай турга болсок, түрк элдеринде ысым берүү боюнча үч негизги эреже сакталып келген. Булар, баланын көзгө басаарлык бир иш кылганда ысым алышы; ат берүү үчүн өзгөчө шаан-шөкөттүн уюштурулушу жана ысым бере турган адамдын сыйлуу, аксакал адам болушу. Булардын ичинен баланын бир иш кылгандан кийин ысым алышы өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Түрк элдеринин дээрлик бардыгында кээ бир учурда жаңы төрөлгөн эркек балага алгач күлкүлүү, шылдың аттарды ыйгарышкан. Качан гана бала эр жетип, элине эмгегин, же эрдигин көрсөткөндө шылдың атынан кутулуп, чыныгы атын ала алышкан. Шаан-шөкөттөрдүн уюштурулушун, деги эле ысым коюудагы ар кыл өзгөчөлүктөрдү “Манас” эпосу айдан ачык көрсөтүп турат. Натыйжада бул үч эрежени, кыргыздардан баштап казак, түрк, чуваш жана бул өңдүү тектеш элдердин тарыхында кездештирүүгө болот.

Орток жөрөлгөлөр болгондой эле, түрк элдеринин бул багыттагы салттарында айырмачылыктар да кездешпей койбойт. Мисалы, кыргыз элинде көзү өтүп кеткен жакын адамдын ысымын наристеге бербөөгө аракет жасалат. Мындан айырмаланып, түрк элинде маркум ата-бабанын ысымы жаңы туулган наристеге берүү көнүмүш нерсе.

Мындан сырткары балдары улам эле көз жума берген үй-бүлөлөрдө Токтобек, Токтобүбү өңдүү ысымдар колдонулса, Токта, Дурмуш, Дурсун аттуу ысымдар боордош элдерде ошондой эле мааниде жана максатта колдонулуп келет.

Ысымдын маанисине өзгөчө көңүл бурулушу керек

Кыргыз эли башка элдерден айырмаланып ысымдардын маанисине жана өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурушкан. Көпчүлүк улуу муундагы адамдардын айтымында, кыргыздардын ысым коюу маданияты жана наристеге ыйгарган ысымдары совет убагында болуп көрбөгөндөй өзгөрүүгө дуушар болгон. Совет өкмөтүнүн таасири менен, кыргыздын кээ бир нукура ысымдары унутулуп, кайдан жайдан Колхозбек, Совхозбектер чыккан дешет айрымдары.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Эл артисткасы Жамал Сейдакматованын пикирине караганда, учурда ысым коюу маданиятына анчейин маани берилбей, жаңы төрөлгөн ымыркайларга таптакыр маанисиз, түшүнүксүз аттар коюулуп жатат. “Кыргыз элинин наристенин кулагына азан окуп менен ат коюу каадасы, ушунчалык таза жана ыйык салт. Тилекке каршы учурда кээ бир муундар маанисин өздөрү да билбеген, түшүнүксүз ысымдарды коюп келишет. Батыш маданиятынын таасири менен ысымдардын маанисине эмес, кооздугуна кызыккандар көбөйүүдө. Эгер мындай абал улана турган болсо, кыргыздардын кээ бир нукура ысымдары жана ысым коюу каадасы колдонуудан таптакыр чыгып калат” дейт Жамал Сейдакматова.

Ысым адамдын тагдырына таасирин тийгизиши мүмкүн

Жомоктой көрүнгөнү менен ар бир ысымдын адамга кандайдыр бир таасир берерине ишенгендер аз эмес. Ал гана эмес адамзатынын тарыхында ысымдары менен тагдырлары дал келгендер да көп кездешет. Көпчүлүк эл Эркин аттуу адамдар жашоодо өздөрүн ээн-эркин алып жүрүшөт жана каалаганын кылышат; өз ойлорун бербеген адамдардан болушат дешет. Бишкек шаарынын бир тургуну ысымдын адамдын жашоосунда бир топ эле таасир берерине болуп өткөн аянычтуу окуядан кийин ишенип калган. “Менин туугандарымдын бирөө кыздарына Жалын, Учкун, Тутан ысымдарын койгон эле. Үч ысым тең жалындаган отту элестетип, мындай аттарды койгон тууганыма таңдангандар убагында көп эле болгон. Тилекке каршы алардын үйү өрттөнүп кетип, тууганымдын аялы жана Жалын, Тутан, Учкун аттуу үч кызы тең бул өрттө каза болуп калды. Бул нерсе кыздардын ысымына байланыштуубу, же жөн гана дал келүүбү, түшүнө албайм”. Мындан сырткары балага аягы кул сөзү менен бүткөн ысымды коюуда да ойлонуу керектигин белгилеген замандаштар бар.

Адамдын ысымы өзүнө жаккандай болушу керек

Албетте ысым менен тагдырдын айкалышып калышы жөн гана кокустук болушу мүмкүн. Бирок батыштын кээ бир психологдору белгилегендей, адамга өзүнүн ысымы жакса, ысымдын “ээсине” таасири дайыма жагымдуу болот. Анын үстүнө адамды шыктандырган, ага күч-кубат берген ысымдар дайыма “ээсин” алга сүрөп турат. Ошол эле психологдор белгилегендей бир адамдын ысымы башка адамдарга жакпаса “ээсине” да жакпай калуу ыктымалдуулугу жогору. Ал эми жакпаган ысымды алып жүргөн адам сөзсүз ысымын эстегенде терс эмоцияларга кабылат. Адам баласынын ысымы менен анын жасаган иштеринин дал келип калышы да так ушул ысым маанисине көз каранды болушу толук мүмкүн. Натыйжада наристелерге бериле турган ысым маанилүү гана болбостон элге сиңимдүү жана жагымдуу болушу кажет экендигин рух шыпагерлери айгинелеп келишет.

Ал эми, окурман, сиздин ысымыңыз ким? Сизге кандай ысымдар жагат? Бул шеринеден байланышалы.

Кубат Асан
XS
SM
MD
LG