Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Түштүк Африканын мурдагы президенти Пил Сөөгүнүн Жээгинде арачы түшөт


Тхабо Мбеки аталган батыш африкалык өлкөнүн шайлоо атаандаштары менен сүйлөшүү баштады. Бийликтеги президент Лораң Гмаг-бо жана оппозициячыл талапкер Алассан Уаттара экөө тең өткөн жекшембидеги экинчи айлампада өздөрүн жеңүүчү деп жарыялашкан. эки талапкер тең президенттик ант берген Пил Сөөгүнүн Жээгине кризисти жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө Мбекини Африка Биримдиги жиберди. Африка Биримдиги бардык тараптарды сабырдуулукка чакырып, өз билдирүүсүндө кризис «алдын алууга болбой турган кесепеттерге» алып келиши мүмкүн экендигин эскертти. Анын аралыгында өлкөнүн армиясы шайлоодон кийинки толкундоолорго байланыштуу төрт күндөн бери жабык турган эл аралык чек аралар бүгүн ачылаарын маалымдады.

XS
SM
MD
LG