Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

“Кабардын” кызматтан кеткен журналисттери жетекчисине нааразы


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кабар” улуттук агенттигинин кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып берген жети журналистинин бири Калича Жаманкулова билдирди. Анын айтымында, агенттиктин жетекчиси Жыргалбек Турдукожоев журналисттерди “айлык-акынын төмөндүгүнөн улам гана кызматтан кетип атышат” деп буга чейин бир жактуу маалымат тараткан. Калича Жаманкулованын айтымында, агенттиктин орус редакциясынын кызматкерлери эң биринчи кезекте жетекчиси Жыргалбек Турдукожоевдин жаман мамилесине нааразычылык билдиришүүдө.

“Ал киши кээ бир кызматкерлерди “Бакиевдин куйруктарысыңар” деп урушуп, ишти билбейсиңер деген шылтоо менен кысым кылчу”,- дейт ал.

Эскерте кетсек, өлкөнүн эң ири мамлекеттик маалымат агенттигинде орус редакциясында иштеген сегиз журналисттин жетөөсү бир эле убакта арыздарын жазып, иштебей тургандыктарын билдиришкен. Агенттик жетекчиси Жыргалбек Турдукожоев мындан мурдараак бул кызматкерлер айлык аздыгынан иштен кетип жатканын, эмгек акыны көтөрүүгө мүмкүнчүлүк жоктугун "Азаттыкка" айткан эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG