Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

ВИЧ/СПИД маселеси тегерек үстөлдө талкууланат


Бүгүн Бишкекте СПИД оорусунун алдын алуу жана анын жайылуу коркунучу тууралуу талкуу болот. Анын ичинде илдеттин энеден балага өтүшү, эркектер арасында жайылуусунун алдын алуу көйгөйлөрү, СПИД оорусунун Кыргызстанда тездик менен жайылып жатышынын себептери талкууга алынат. Тегерек үстөлгө БУУнун ВИЧ/СПИД программасынын адистери, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жана бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр катышат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ВИЧ/СПИДге кабылган 3 миң 200 адам бар. Алардын 42% жакыны Ош облусу жана Ош шаарына туура келет. Оорулуулардын 60% баңги зат колдонгондор болсо, 27% жыныстык жол менен вирусту жуктуруп алгандар. Ошондой эле энесинен баласына жуккан, ооруканадан жаш балдарга жуккан учурлар бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG