“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын маалыматына караганда, бүгүнкү сот жараянында негизги кылмышкер деп айыпталып жаткан Дилдар Салиев өмүр бою, Фатима Абаралиева 15 жылга эркинен ажыратылып, булардын үй-мүлкү конфискацияланды. Алардан тышкары айыпталуучулар Акрам Салиев 4 жылга, Дилдар Баймурзаев 4 жылга, Хаттамжан Атажанов 3 жылга жана Төрөбай Нооманов 3 жылга кесилди.
Бул адамдар 12-июнь күнү Шейит-Дөбөдө Алмазбек Раимжановдун аялын, он жаштагы уулун мыкаачылык менен өлтүрүп, 15 жаштагы кызын зордуктап, сөөгүн өрттөп жиберген деп айыпталган. Мурдагы сот жараянында мамлекеттик айыптоо алты кишинин баарын үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою жазага тартууну соттон суранган болчу. Шейит-Дөбөдөгү кандуу окуя боюнча соттук териштирүү 10-ноябрда башталган. (AzK)