Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:32

Россия Кот д-Ивуардын "мурдагы" президентин калкалоодо


Россия Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Кот д-Ивуардагы талаштуу президенттик шайлоо боюнча резолюциясына вето жарыялады. Резолюция оппозициячыл талапкер Алассан Уаттерди президент деп таанымак. Уаттердин жеңишин көпчүлүк өлкөлөр, ошондой эле Евробиримдик, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да тааныган. Россиялык дипломаттар каршы добуш берүүсүн Москва менен кеңешүүнүн зарылдыгы менен түшүндүрүштү. Шайлоо комиссиясынын маалымдашынча, Уаттерди шайлоочулардын 51 проценти колдогон. Бирок президент Лоран Гбагбо жеңилбегенин ырастап, бийликти өткөрүп берүүдөн баш тартууда.

XS
SM
MD
LG