Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Чилиде түрмөдөгү өрт 81 кишини ала кетти


Чилинин байтакты Сантягодогу түрмөдөгү өрттөн бүгүн 81 киши набыт болду. Өрттүн себеби белгисиз. Маалымат булактарынын түрмөнүн жетекчилигине шилтеп кабарлашынча, 700 орундук абак жайда 1900 киши кармалчу экен. Кабарга караганда, өрт өчүргүчтөр түрмөгө өрт башталгандан эки сааттан кийин келген. Арестанттардын туугандарынын өкмөттүк телеканалдан айтышынча, полиция өрт өчүргүчтөргө дарбазаны тез ача койгон эмес.

XS
SM
MD
LG