Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Ош менен Жалал-Абадда 30 үй калыбына келе элек


Бул тууралуу вице-премьер-министр, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, калыбына келтирилбеген 30 үйдүн кожоюндары убагында үйлөрүндө жок болуп, тизмеге кирбей калган. Ж.Сатыбалдиев бул маселе чечиле тургандыгын кошумчалады. Маалыматка ылайык, аталган эки шаарда үч жана эки бөлмөлүү 1600дөн ашуун убактылуу турак жай курулган. Ушул тапта Ошто 8, Жалал-Абадда бир, Базар-Коргондо эки көп кабатуу үй курулуп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG