Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Азербайжанда мектепте хижабчан жүрүүгө тыюу салынышына каршы акция өттү


Бакуда Билим берүү министрлигинин имараты алдындагы митингге 1000дей адам жыйналды. Орусиянын “Интерфакс” агенттиги полиция уруксат берилбеген акциянын 16 катышуучусун кармап, бешөө эскертүү берилгенден кийин бошотулганын, калганынын иши сотко жиберилгенин маалымдады. Азербайжанда кыздардын мектепте хижабчан жүрүүсүнө мыйзам аркылуу тыюу салынган эмес, бирок өкмөт быйыл киргизген эреже боюнча сабак учурунда мектеп окуучусунун формасын кийип жүрүү талап кылынат. Анда адатта мусулман кыздар моюн-башын жаап жүрүүчү жоолук каралган эмес.

XS
SM
MD
LG