Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Шарктыктар кайра чатырларга көчүп келүүдө


Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, бүгүн Шарк айылындагы чатырлар лагерине кайтып келген үй-бүлөлөрдүн саны 32ге жетти. “Чатыр лагери өзүнчө эле гуманитардык жардам борбору болуп калган. Бул жерде жашагандарга күнүгө жөлөк пул берилип, жашоого керектүү бардык шарттар түзүлгөн. Бекер оокаттан айрылгысы келбеген тургундар ар кайсыл шылтоону айтып, салынып бүткөн үйлөрүнө киргиси жок”,-дейт М. Эржигитов.

10-октябрда өткөн маалымат жыйынында БУУнун качкындар иштери боюнча агенттигинин жетекчиси Ганс Фридрих Шоддер аталган чатырларда 15 үй-бүлө жашап жатканын маалымдаган болчу. Ал эми буга чейин айрым укук коргоочулар Шарк айылынын чатырлар лагеринде жашаган үй-бүлөлөлөр жеке коопсуздугу үчүн кооптонуп, салынып бүткөн жаңы үйлөрүнө кирүүдөн коркуп жатканын билдиришкен. Бул жаатта Шарк айылында милиция күзөтүн уюштуруу макулдашылганын мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев маалымдаган. (ES)

XS
SM
MD
LG