Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошууну мугалимдердин айлык акысын көтөрүү талабы менен мамлекет башчыга кайрылды. Кайрылуу ээлери мугалимдердин жапырт иш таштоосунун алдын алуу үчүн каражат табууну жана аны кийинки жылдын бюджетине киргизүүнү талап кылган.
Анда айтылгандай, мугалимдердин айлык акысы акыркы жолу 2007-жылы көтөрүлгөн, ушул тапта орточо айлык акы 4026 сом, бул өлкөдөгү орточо айлыктын 40% гана түзөт. Борбордук кесиптик кошуун айлык акынын аздыгына нааразылыгын билдирип жаткан Жалал-Абат, Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын мугалимдерине тилектештигин билдирген.(ZKo)