Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Мугалимдердин айлык акысы 2-3 жыл ичинде 10 миң сомго жетет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди. Анын айтымында, кечээ өкмөттүк жыйында жалпы эле бюджеттен айлык алган жарандардын, алардын ичинде мугалимдердин айлык акысын көтөрүү маселеси каралды. Соңку кездери нааразычылык акцияларын өткөрүп келатышкан мугалимдердин абалына өзгөчө көңүл бурулуп, кийинки жылы январь айынан тарта мугалимдердин эмгек акысын 30 пайызга көтөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле өкмөт кийинки үч жылдыкта эффективдүү реформалардын негизинде өлкө экономикасында өсүштөр болушу керектигин белгилеп, бул аралыкта мугалимдердин айлык акысын 10 миң сомго чейин көтөрүүгө мүмкүн болору пландалды. Билим берүү министри К.Садыковдун айтымында, мугалимдердин акысын дароо эле 10 миң сомго чыгарып жиберүү такыр мүмкүн эмес. Анткени өлкө бюджети азырынча аны көтөрө албайт. Андыктан бюджеттен акы алган кызматкерлердин эмгек акыларын баскыч-баскычы менен көтөрүү пландалды. (IJz)

XS
SM
MD
LG