Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Бишкекте кыйноолорду иликтөөгө арналган жыйын өтүп жатат


БУУнун Качкындар комиссариаты жана Кыргызстандын Акыйкатчы институту, жарандык коом тарабынан уюштурулуп жаткан тегерек үстөлгө күч органдарынын, бийликтин өкүлдөрү, укук коргоочулар катышууда. Анда негизинен жаза аткаруучу жана убактылуу камоочу жайлардагы кыйноолор тууралуу сөз болуп жатат. БУУнун өкүлү Фиона Фрейзер кыйноолор дээрлик бардык мамлекеттерде бардыгын, бирок анын айырмасы буга мамлекеттик бийлик канчалык деңгээлде каршы мамиле жасарынан айырмачылыктар чоң экенин белгилеп өттү. Айрым укук коргоочулар Кыргызстанда кыйноолор тергөө учурунда күч кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөрүн, көп учурда ал жашыруун бойдон каларын айтып, тынчсызданууларын билдиришти.

2007-жылы Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайында Бектемир Акунов каза таап, укук коргоочулар ал кыйноодон өлгөнүн айтып чыгышкан. Өткөн жылы Ноокатта журналист Алмаз Ташиев райондук милиция бөлүмүндө жеген таяктын уусунан набыт болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG