Лондондун соту “Викиликс” сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды күрөөгө кое берди. Ал Швецияда зордуктоо үчүн айыпталып жатат. 7-декабрда камакка алынган Ассанж өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, мунун баары аны жаман атты кылууга багытталган деп ырастоодо. Жакында “Викиликс” АКШнын тышкы мекемесине таандык жүз миңдеген жашыруун документтерди шардана кылып жиберген. Стокголм Ассанждын өткөрүлүп беришин талап кылууда. Эми сот аны Британиядан экстрадициялоо ишин карайт.