Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Мигранттар 9 айда миллиард долларга жакын акча жиберишкен


Чет мамлекеттерде эмгектенген кыргызстандыктар 9 ай ичинде эле Кыргызстанга 1 миллиард долларга жакын каражат салышкан. Бул тууралуу маалымат жыйынында Эмгек, жумуштуулук жана миграция министри Айгүл Рыскулова билдирди. Анын айтымында, толук 12 айда салынган каражаттарды эсептеген маалда бул сумма 1 миллиард доллардан ашып кетиши мүмкүн. Улуттук банктын маалыматына караганда, өткөн жылы четте эмгектенген мигранттар 900 миллион долларга жакын акча салышкан.

Ошондой эле А.Рыскулованын айтымында, эң эле көп кыргызстандык эмгектенген өлкө Орусия болуп саналат. Орусияда ырасмий маалыматтар боюнча 385 миң кыргызстандык эмгектенет. Ушул убакка чейин 200 миңдей кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алган. Мигранттардын 48 пайызы аялдар болсо, алардын орточо жашы 30-40 жаштын тегерегинде. (IJz)

XS
SM
MD
LG