Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

19-декабрга карата аба ырайы


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча 19-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15 градус жылуу болот. Талас аймагында түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14 градус, Баткен өрөөнүндө болсо түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15 градуска барабар. Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8 градус болсо, Нарын аймагында түнкүсүн -12…-17 градус суук, күндүз -1…+4 градус жылуу болот. Тоолордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -3…-8 градус суук болоору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1 градус суук 1 градус жылуу, күндүз 13…15 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG