Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Билим эңсеген окуучулар, жетишпеген китептер


Курбанов мектебинин 7-классынын окуучулары.
Курбанов мектебинин 7-классынын окуучулары.

Оштогу өзбек тилдүү мектептер 40 пайыз гана китептер менен камсыз болгонун шаардык билим берүү башкармалыгы маалымдады. Буга чейин колдонулуп келген китептер негизинен Өзбекстандан келүүчү. Алар моралдык жана материалдык жактан эскирди деп колдонуудан алынып салынган.

Оштогу окутуу озбек тилинде жүргүзүлгөн 15-Курбанов мектебининин 7-классында, бир класста 28 окуучу бар, бирок кыргыз адабияты сабагы боюнча биринде да китеп жок экен. Ошондуктан, алар кенже класстардын китептерин кайталап окушат экен. Окуучулар:

- Азыр кыргыз адабияты сабагын окуп жатабыз. Биздин класста 28 окуучу болсо бул сабактан бирибизде да китеп жок. Ошон үчүн 6-класстын китептерин алып окуп турабыз. Кээде башка эле бир китептерден алып жазабыз.

Гүлмира Юсупова
Мугалим Гүлмира Юсупова керек китептерди башка мектептерге барып сурап келерин айтууда. Анан тапкан китептерин компьютерден көчүрүп, окуучуларга тапшырма берет. Көпчүлүк учурда сабак атайын адабияттар менен эмес, көркөм адабияттар менен эле жүргүзүлөт. Гүлмира Юсупова:

- Биз жок китептерди, айрым көркөм адабияттарды башка мектептерден, ал жактагы мугалимдерден сурап тапканга аркет кылабыз. Алар дагы бир жолу бермек беле, компьютерден көчүрмө чыгарып алгандан кийин, кайра алып барып беребиз. Ошол көчүрмөдөн окуучуларга окуп берем. Кийинки сабакта ошону окуп келип айтып беришет. Азыр биздин мектепте 7-класстан баштап 11-класска чейин кыргыз тили жана адабияты боюнча таптакыр китеп жок.

Бул мектепте бир эле кыргыз адабияты сабагынан эмес, башка сабактардан да китептер жетишсиз. Окуучулар керек окуу китептерин базарлардан сатып алышат. Окуучу Гүлбегим Усманова быйыл мектептен 4 китеп гана алыптыр:

- Мен өзүм мектептен 4 эле китеп алгам. Суранып жатып зорго алгам. Башкаларга жетпей эле калат. Калган жетишпеген китептерди базардан сатып алгам. Жакшы окугуң, келсе кайсы жерден болсо да издеп тапканга аракет кыласың да. Өткөн жылы маселен, англис тили, орус тил, математика сабактары боюнча китептерди сатып алгам. Быйыл да сатып алдым.

Китепкана
Мектепте Гүлбегимге окшоп, китепти ар жерден сатып алып окугандар толтура. Буга чейин окуучулар 38 пайыз гана китеп менен камсыз болчу. Жакында өзбек улуттук борбору берген китептер менен зорго 60 пайызга жетти дейт китепканачы Гүлбегим Усманова:

- Бизде азыр мектепте 38% гана китеп бар. Ошончолук деңгээлде жетишсиз да. Анан мына жакында Ош өзбек улуттук борборунун китептери бизге берилди, ошо менен эми 60 пайызга жетип калат. Бирок бар китептердин көпчүлүгү эле начар абалда. Абдан эскирип калган.

Буга чейин Оштогу өзбек тилдүү мектептер коңшу Өзбекстандын окуу китептерин да пайдаланып келчү. Айрым окуучулар “менин президентим Ислам Каримов” деп калган күндөрү да болгонун айтышат. Быйыл Өзбекстандан окуу китептерге тыюу салынган. Бирок азырынча жергиликтүү жаңы китептер суроо-талапты канааттандырбай жатат деп кейийт Курбанов орто мектебинин директору Ганыжан Каримов:

Ганыжан Каримов
- Өзбекстандан чыккан китептер азыркы талапка жооп бербейт деп бир топ китептер керектен чыгарылды. Бирок жаңы китептер азырынча бизге келе элек. Эми жакын арада келип калат деп жатышат. Азыр бизде болгон китептердин көпчүлүгү ата-энелердин китептери. Бизге атайын алып беришкен. Окуп жатабыз.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан маалыматы боюнча, Ош шаарында өзбек тилиндеги 20, орус тилиндеги 10, кыргыз-орус тилинде 15 жана окутуу жалаң кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 15 мектеп иштейт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG