Кара май куурундагы кырсыктан 22 киши өлүп 32 киши жарадар болгону кабарланууда. Пуэбла штатындагы кара май куурунан топ адамдар нефть уурдап жаткан мезгилде жарылуу болгон. Мерт болгондордун 10у бир туугандар экени айтылууда. Жарылууда жүздөгөн үйлөр дагы жабыркаган.