Улуттук биримдик өкмөтүнүн курамы депутаттарга бүгүн берилет деп күтүлгөн эле. Бирок Багдаддан түшкөн кабарларга караганда, депутаттар тизмени албагандыктан өкмөттү куроо кийинкиге калтырылды. Премьер-министр Нури ал – Малики өкмөт курамын парламенттин бекитүүсүнө 25-декабрга чейин сунуш кылуусу керек. Бул Иракты быйыл мартта бир да партия чоң артыкчылык менен жеңе албаган парламенттик шайлоодон бери тогуз айдан ашуунга уланган саясий туңгуюктан чыгаруучу кадам катары каралууда. Кабарларда саясий күчтөр ички иштер, коргоо, улуттук коопсуздук министри өңдүү маанилүү кызматтарды кимдер ээлерин али макулдаша албай жатканы айтылууда. Нури ал –Малики дагы бир мөөнөткө премьер-министрлик кызматта калуусу үчүн өлкөдө азчылыкты түзгөн сунниттер менен күрддөрдүн парламенттеги фракциялары көпчүлүктү түзгөн шийиттер менен коалицияга кошулууга макул болгон.