Сынамыкка өлкөнүн премьер-министри Юсуф Реза Гилани катышты. Жаңы ракета 1300 чакырым аралыктагы бутага жете алат. Ага атом дүрмөтүн орнотсо да болот. Жаңы сынакты Гилани өлкөнүн коргонуу күч-кубатын көрсөткөн окуя деп атады. 1960-жылдардан бери Пакистан менен Индия ортосунда бир нече ирет куралдуу кагылыш чыккан. Азыр эки өлкөнүн тең атом куралы бар.