Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

7-апрелде жабыркагандар үчүн көп кабаттуу үй курулуп бүттү


Апрель окуясында набыт болгондордун үй-бүлөлөрү жана жабыркагандар үчүн курулуп жаткан 72 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери бүттү. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги билдирет. Маалыматка ылайык, ушул аптада батирди колдонууга берүү пландалууда. Ал эми ушундай эле экинчи батирди 2011-жылдын башында бүтүрүү каралууда.

Убактылуу өкмөттүн 30-апрелдеги токтому менен курулуш иштери май айында башталган. Бул үчүн Каржы министрлиги тарабынан 138 млн. сом бөлүнгөн.

7-апрелде Ак үйдүн алдында чогулган элге каршы ок атылып, 87 адам мерт болуп, 1 жарым миңден ашуун адам ар түрдүү жаракат алышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG