АКШ менен Орусиянын ортосундагы өзөктүк куралдарды көзөмөлдөө тууралуу жаңы келишимдин өтүшү үчүн сенаторлордун аз дегенде 67си колдошу керек. Кабарларда айтылгандай, Сенатта азчылыкты түзгөн республикачылардын 11 мүчөсү президент Барак Обаманын демократтарын колдоого сөз беришти. Обама менен орус президенти Дмитрий Медведев апрель айында кол койгон келишим эки өлкөнү жети жыл ичинде стратегиялык өзөктүк ракета дүрмөттөрүн орто эсеп менен үчтөн бирине кыскартууга милдеттендирет. Келишим Орусиянын Мамлекеттик думасы жактыргандан кийин күчүнө кирет.