Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Ү.Сыдыков менен И.Масалиевдин иши боюнча күбөлөрдү суроо уланат


Бул иш боюнча кечээки процессте Бишкектеги Биринчи май райондук соту 27 күбөнүн бешөөнү сурады. Күбө катары “Ак Жол” партиясынан мурдагы депутаттар: Айнура Турдубаева, Роза Абдыраимова, Нурлан Койчубаков жана Коммунисттер партиясынан Николай Байло менен Шарипа Садыбакасова көрсөтмө беришти. Алар айыпталуучулардын негизсиз жоопко тартылып жатканын белгилешти.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрация башчысы Үсөн Сыдыков менен Коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиевге 12-13-май күндөрү "массалык башаламандык уюштурган" (233-берене) жана "конституциялык бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган" (295-берене) деген беренелер боюнча кылмыш иштери козголгон. Ү. Сыдыков жана И. Масалиев өздөрүнө коюлуп жаткан айыптарды четке кагып келишет. (EBM)

XS
SM
MD
LG