Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

“Ак шумкар” жаңы өкмөт түзүмүн сынга алды


Партия лидери Темир Сариев жаңы куралган өкмөттүн курамын өзгөртүүнү талап кылышарын бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтымында, көпчүлүк саясий партиялар азыркы өкмөт түзүмүнө нааразы, алар жаңыдан коалиция куроону же кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылып чыгышы мүмкүн. Т. Сариевдин айтуусунда “Ак шумкар” партиясы министрликтердин санын 20 эмес, 15ке чейин түшүрүүнү жана ошондой эле мамлекеттик чиновниктердин санын 40% азайтууну сунуш кылат.

Темир Сариев ошондой эле 7-апрелден кийин банктардан алынган 20 млн. доллар акча Улуттук банкта кармалып турганын, буга байланыштуу азыр тергөө жүрүп жатканын, сот чечими чыкмайынча бул акча банкта сакталарын да билдирди. Анын айтуусунда экс-президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык деп эсептелген 20 млн. долларды банктардан алуу ишин Башкы прокуратура бардык процессуалдык нормаларды сактоо менен жүргүзгөн.

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев убактылуу өкмөттүн тушунда каржы министринин милдетин аткарып турган. Парламенттик шайлоонун алдында кызматын өткөрүп берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG