Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:53

Токтогул суу сактагычында 18, 397 млрд. куб метр суу бар


“Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынан маалымдашкандай, суу сактагычтагы суунун көлөмү акыркы бир суткада 25 млн. куб метрге азайды. Бул акыркы төрт жыл ичиндеги суунун эң көп сарпталышы болуп эсептелет.

Өткөн жылы 24-декабрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 11, 875 млрд. куб метр, мурдагы жылы ушул күнү 8 млрд. 536 млн. куб метр болчу. Ошол убакта бийлик суу сактагычтагы суунун кескин азайып кетүүсүнөн сактануу максатында элге электр энергиясын берүүнү суткасына 6-10 саатка чейин чектеген.

Азыркы өкмөт быйыл электр энергиясын чектөө болбостугун билдиргени менен акыркы убактарда айрым аймактарга электр энергиясын берүү чектелип калууда. Тиешелүү министрлик муну электр жабдыктарынын эскирип бүткөнү менен байланыштырууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG